Токтогул районунун Торкен айылында жарым фабрикат өндүрүүчү чакан ишкана ачылды.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, учурда цехте 10 кыз-келин туруктуу жумуш орду менен камсыз болуп, алардын үй-бүлөлөрүнүн социалдык абалын чыңдоого салым кошулууда.
Ишкананы жеке ишкер түптөдү.



