Салык кызматы ишкерлерге электрондук капчыктар жана QR-коддор аркылуу төлөм кабыл алуу эрежелерин эскертет. Мыйзамга ылайык, эсептешүүлөр атайын бизнес-аккаунттар жана ишкердик үчүн ачылган электрондук капчыктар аркылуу жүргүзүлүшү керек.
Жеке адамдардын банктык эсептери жана капчыктары жеке муктаждыктар үчүн гана колдонулат.
Товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн каражатты жеке эсепке кабыл алуу мыйзам бузуу болуп эсептелет. Мындай учурда 5 миң сомдон 65 миң сомго чейин айып пул салынат.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.



