Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгон токтомго ылайык, онлайн мектеп эми окуучуларды олимпиадага даярдоочу тереңдетилген окутуу программаларын ишке киргизет, тил үйрөтүүчү курстарды ачат жана башка мектептердин окуучуларын да тарта алат. Тагыраак айтканда окуучуларды республикалык жана эл аралык олимпиадага даярдоо үчүн онлайн окутууну уюштурат жана олимпиадалык резерв түзөт.
2025-2026-окуу жылында сыртта жүрүп, мектепке кире албай калган балдар үчүн Кыргызстанда “Туңгуч” онлайн мектеби түзүлгөн. Былтыр бул мектепте 2 миң 386 бала кабыл алынган.
Онлайн мектепте окутуу кыргыз тилинде жүрөт.



