“Тулпар” төлөм системасы Кыргызстандын башка шаарларында да ишке кириши мүмкүн

“Тулпар” картасы менен накталай эмес төлөм системасы Кыргызстандын башка шаарларындагы коомдук транспорттордо да ишке кириши мүмкүн. Бул тууралуу Novosti.kgге долбоордун директорунун орун басары Бекжан Акматбеков билдирди.

 

“Мисалы, жакында Каракол шаары менен келишимге кол коюлду. Мындан тышкары, Балыкчы, Кара-Балта, Нарын шаарлары менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат”.

 

Эске салсак, “Тулпар” долбоору Бишкекте 2020-жылы пилоттук режимде иштеп баштап, ордо калаадагы автобустар 2023-жылы биринчи этап менен накталай эмес төлөмдөргө өткөрүлгөн. Анда жүргүнчүлөрдүн 60 пайызы накталай эмес төлөм жүргүзсө, быйыл бул көрсөткүч 70-80 пайызга жетти.