Tunduk тиркемесинде баланы мектепке киргизүүнүн экинчи этабы жеткиликтүү

Баланы мектепке кабыл алуу боюнча экинчи этаптын алкагында арызды Tunduk мобилдик тиркемеси аркылуу берсе болот.

 

Санариптик өнүктүрүү министрлигинин маалыматы боюнча, бул кызматтан 2018-2019-жылдары төрөлгөн балдардын ата-энелери пайдалана алышат. Учурда бош орундар калган мектептерге кабыл алуу жүрүп жатат.

 

Эске салсак, кабыл алуунун экинчи этабы 15-августка чейин уланат.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.