Тышкы иштер министрлиги кыргызстандыктарга Россиядагы кошумча текшерүүлөр тууралуу эскертти. Жарандарга тиешелүү документтерди эртелеп даярдап, чек арадагы көзөмөлдөн өтүүдө тынчтыкты сактап, чек ара кызматкерлеринин талаптарын так аткаруу сунушталат.
Чек арадан өтүүгө тыюу салынса, себебин тактап алуу керек. Алар биринчи эле рейс менен кайра Кыргызстанга кайтып келет, — дешти министрликтен. Белгилеп кетсек, Россия чек арадагы көзөмөлдү күчөттү.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.



