Бишкектин Учкун кичи районунда жылуулук жана ысык суу берүү убактылуу токтотулду.
Мэриядан билдиришкендей, текшерүү учурунда квартал аралык түтүктөн суу агып жатканы аныкталган. Учурда бригадалар оңдоо иштерин жүргүзүүдө.
Бишкек мэриясы жарандардан убактылуу ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылууну суранат.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.



