Учурда Бишкекте таштанды сорттоочу 25 пункт иштеп жатат. Жыл соңуна чейин алардын санын 40ка жеткирүү пландалууда. Бул тууралуу борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиев билдирди.
Белгилеп кетсек, бүгүн мэр шаардын 4-кичи районундагы таштанды сорттоочу пунктка барып, анын иши менен таанышты.



