Улуттук банк 10-майдан тарта 200, 500 жана 1 миң сомдук банкноталардын жаңыланган үлгүлөрүн жүгүртүүгө чыгарат

Улуттук банк 10-майдан тарта 200, 500 жана 1 миң сомдук банкноталардын жаңыланган үлгүлөрүн жүгүртүүгө чыгарат.

 

Улуттук банктын маалыматыны ылайык, купюралардын башкы бетиндеги искусство жана маданият өкүлдөрүнүн сүрөттөрү, артындагы республиканын кооз жерлери, негизги түстөр, өлчөмдөр өзгөрүүсүз калтырылды.

 

Бирок суу белгиси, коргоо жипчеси жана жашыруун сүрөттөр сыяктуу коргоо элементтер күчөтүлдү.