Улуттук банк алдамчылардын жаңы ыкмасы тууралуу эскертти

Мекеме билдиргендей, шылуундар өздөрүн Улуттук банктын кызматкери катары тааныштырып жатышат.

 

Алар жарандарга социалдык тармактардан, мессенжерлерден билдирүү жиберишет.

 

Адамдарды ынандыруу үчүн Улуттук банктын логотиби түшүрүлгөн документтерди колдонуп, мамлекеттик кызмат көрсөтүүчү «Түндүк» порталындагы катталган системасы бузулганын айтып, алдашат. Мындай билдирүү келген учурда шылуун менен сүйлөшүүнү токтотуп, банкка же укук коргоо кызматкерлерине кайрылуу сунушталат.