Улуттук банк алдамчылыктын жаңы схемасы пайда болгонун эскертет

Улуттук банк алдамчылыктын жаңы схемасы пайда болгонун эскертет. Алдамчылар Улуттук банктын логотиби түшүрүлгөн жасалма документтерди тиркеп, билдирүүлөрдү таратууда. Ушундай жол менен алар ишенимге кирип, жарандарды акча которууга көндүрүүгө аракет кылышат.

 

Улуттук банк мессенджер аркылуу документтерди жөнөтпөйт, жеке адамдарды тейлебейт жана акча которууларды эч качан талап кылбайт.