Улуттук банк эсептик ченди 11 пайызга чейин жогорулатты. Кыргызстанда жыл башынан бери инфляция деңгээли 7,3 пайызды, жылдык мааниде 8,9 пайызды түздү. Азык-түлүккө болгон дүйнөлүк баалар өсүп, ал эми региондогу өлкөлөрдө инфляция жогору бойдон калууда.
Бул факторлор өлкөгө импорттолгон товарлардын баасына таасир берип жатат. Эсептик чен – инфляциялык процессти жөнгө салуучу негизги каржылык куралдардын бири болуп саналат. Ал коммерциялык банктардагы насыялар менен депозиттердин пайыздык ченине түз таасир тийгизет.



