Улуттук банк эсептик ченди жылдык 12 пайыз деңгээлинде өзгөртүүсүз калтырды

Улуттук банк эсептик ченди жылдык 12 пайыз деңгээлинде өзгөртүүсүз калтырды.

 

Чечим бүгүнтөн тартып күчүнө кирди. Өлкөнүн башкы каржы мекемеси мындай чечимге дүйнөдөгү геосаясий чыңалуу, Жакынкы Чыгыштагы кырдаал жана дүйнөлүк мунай баасынын өсүшү таасир эткенин билдирди. Жыл башынан бери Кыргызстанда инфляция 6,5 пайызды, ал эми жылдык көрсөткүч 11,3 пайызды түздү. Эсептик чен коммерциялык банктардагы насыялар менен депозиттердин пайыздык ченине түздөн-түз таасир этет.