Улуттук банк кезектеги алдамчылык схемасы тууралуу эскертет.
Белгисиз адамдар социалдык тармактарда жана мессенжерлерде жарандарга жеңилдетилген насыя алып берүүнү убада кылган жарыяларды таратууда.
Алар өлкөнүн башкы каржы мекемесинин жасалма документтерди көрсөтөт. Жарандар этият болуп, жеке маалыматын бербеш керек жана ар кандай шилтемелерге өтпөшү керек. Улуттук банк калкка насыя бербейт, акча которууну талап кылбайт жана жеке адамдар менен иштебей турганын белгилейт.



