Улуттук банк кезектеги интервенция өткөрүп, эл аралык валюта рыногу 168 миллион доллар сатты.
Бул жыл башынан берки эң ири каржылык операциялардын бири. Январдан бери өлкөнүн башкы каржы мекемеси улуттук валютаны колдоого дээрлик 900 миллион доллар багыттады. Улуттук банктан түшүндүрүшкөндөй, мындай чара доллар курсунун серпилүүсүн токтотуу үчүн жасалат.
Бул көптөгөн нерселерге таасир тийгизет: импорттук товарлардын баасына, насыялардын үстөк пайызына жана экономиканын туруктуулугуна.



