Улуттук банк кезектеги интервенция жүргүзүп, 170 миллион доллар сатты

Улуттук банк кезектеги интервенция жүргүзүп, 170 миллион доллар сатты. Өлкөнүн башкы каржы мекемесинен билдиришкендей, бул жыл башынан берки Улуттук бактын сегизинчи ирет эл аралык валюта рыногуна чыгышы.

 

Жалпысынан быйыл 1 миллиард 64 миллион доллар сатылган. Белгилеп кетсек, интервенция валюта серпилүүсүн алдын алуу жана улуттук валютанын кунун туруктуу сактоо максатында жасалат.