Улуттук банк насыя берүү боюнча жаңы эрежелердин долбоорун коомдук талкууга чыгарды.
Документте онлайн насыянын максималдуу суммасын 200 миң сомдон 250 миң сомго чейин көбөйтүү сунушталган.
Мындан тышкары, микрофинансылык уюмдарга насыя каражатын кардардын банктык эсебине эле эмес, электрондук капчыгына да которууга уруксат берүү каралууда. Улуттук банк бул өзгөртүүлөр аралыктан насыя алууну дагы ыңгайлуу жана жеткиликтүү кыларын белгиледи.



