Улуттук банк сомдун курсун турукташтыруу үчүн 14-ноябрда валюта рыногуна 68 млн доллардан ашык сатты.
Өлкөнүн башкы каржы мекемесинин маалыматына ылайык, анын ичинен 39 млн доллардан ашыгы бүтүм түзүлгөн күнү эсептешүү менен, ал эми дээрлик 29 млн доллары бүтүм жасалган күндөн башка күндөгү эсептешүү менен сатылган.
Белгилеп кетсек, бул бир айдагы экинчи интервенция болду. Улуттук банк 5-ноябрда валюта рыногуна 62 млн доллардан ашык саткан.
Банк жалпысынан быйыл 22 жолу валюталык интервенция жүргүздү.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.



