Улуттук банк валюта рыногуна интервенция жасап, 186,4 миллион доллар сатты

Улуттук банк валюта рыногуна интервенция жасап, 186,4 миллион доллар сатты. Ошол эле учурда доллардын орточо курсу өзгөргөн жок. Учурда анын сатуу баасы 87 сом 80 тыйынды түзүүдө.

 

Бул — быйылкы жылдагы тогузунчу интервенция. Жыл башынан бери Улуттук банк жалпысынан 1 миллиард 472,6 миллион доллар сатты. Белгилеп кетсек, 2025-жылы сомдун курсун туруктуу кармоо максатында Улуттук банк жалпы 853 миллион доллар саткан.