Улуттук банктын Бишкектеги нумизматикалык жаңы музейинде ачык эшик күнү өтөт. Иш-чара 18-май — Эл аралык музей күнүнө карата уюштурулууда.
Анда коноктор Кыргызстандын улуттук валютасынын калыптануу тарыхы, банкнотторду чыгаруунун этаптары менен тааныша алышат.
Ошондой эле өлкө аймагынан табылган байыркы монеталардын коллекциясын, анын ичинде Улуу Жибек жолу дооруна таандык экспонаттарды көрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт.



