Улуттук банктын төрагасы кызматтан кетүү тууралуу арыз жазды

Улуттук банктын төрагасы Мелис Тургунбаев кызматтан кетүү тууралуу арыз жазды. Бул тууралуу бүгүн, 18-мартта Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев жалпы жыйында билдирди.

«Улуттук банктын төрагасынын кызматтан өз каалоосу менен кетүү тууралуу арызы келип түшкөн. Бул боюнча комитет тийиштүү жумуштарды өткөрүп берсеңиздер. Мындан сырткары комитеттерде орун алмашуу жана бош орундар бар. Анын алкагында дагы ишти алып барыңыздар», — деди Маматалиев.

44 жаштагы Тургунбаев 2024-жылы июнда Улуттук банктын төрагасы болуп дайындалган. Ага чейин жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри болуп иштеген.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.