Унаа жана жолдор министрлиги жайкысын жүк ташуучу унааларга чектөөлөр киргизилгенин эскертет. Аба табы ысып жаткан учурда жол катмарын сактоо максатында чектөөлөр киргизилген.
Эреже бузгандар айыпка тартылат. Синоптиктердин маалыматына ылайык, бул жумада күн 41 градуска чейин ысыйт. Андыктан, 18 тоннадан ашкан жүк ташуучу унааларга эртең мененки саат 10дон кечки 8ге чейин шаар көчөлөрү менен жүрүүгө тыюу салынат.
Чектөөлөр жүргүнчү ташуучу унааларга, гуманитардык жүктү, тез бузулуучу азык-түлүктү жеткиргендерге жана жол куруу иштерине тартылган техникага тиешелүү эмес.



