Урматбек Самаев Токтогул районун жетектейт

Урматбек Самаев Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким болуп дайындалды.

 

Тиешелүү тескемеге президент Садыр Жапаров кол койду. Эске салсак, буга чейин Самаев президенттин Жалал-Абаддагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары болуп иштеп келген.