Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар

Кыргызстанда 1-январдан тарта автоунаасына ОСАГО полисин албагандар айыпка тартылып баштайт.  Бул тууралуу Мамлекеттик камсыздандыруу компаниясынан эскертишти.

 

Маалыматка ылайык, айыптын өлчөмү жеке жактарга үч миң сом, юридикалык жактар үчүн 13 миң сомду түзөт.  Белгилеп кетсек, полистин орточо баасы — 2 миң 500 сом. Төлөм машиненин түрүнө, айдоочунун жашы менен тажрыйбасына жана ал жол кырсыктарына канчалык көп учураганына жараша өзгөрөт.