Ушул жылдын алгачкы төрт айында уюлдук телефон, интернет алдамчылыгына байланыштуу 1 миң 710 кылмыш иши козголду. Анын ичинен 695 кылмыштын бети ачылып, 1 миң 115 иш тергелип жатат.
Бул тууралуу ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширходжаев билдирди. Ал белгилегендей, кибер алдамчылык кылмыштардын эң көп тараган түрүнө айланды.
Расмий маалыматка ылайык, 2025-жылы интернет алдамчылыгына байланыштуу 1 миң 547 кылмыш иши козголгон. Келтирилген чыгым 826 млн 495 миӊ сом деп эсептелип, анын ичинен 73 млн сом кайтарылган.



