VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык акыркы баскычка өттү

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык акыркы баскычка өттү.

 

Министрлер кабинетинин жыйынында иш-чаранын спорттук, маданий жана илимий программасы, ошондой эле жабылыш аземинин концепциясы каралды.

 

Катышуучуларды жайгаштыруу, логистика жана медициналык камсыздоо маселелерине да көңүл бурулду. Негизги объектилердин, анын ичинде Кырчын этношаарчасы, “Рух Ордо” жана ипподромдун даярдыгы талкууланды. Тиешелүү мамлекеттик органдарга даярдык иштерин аягына чыгаруу тапшырылды.