VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына келген конокторду Кырчынга жеткирүү үчүн кошумча жүргүнчү унаалар тартылды. Бул тууралуу Оюндардын медиаштабы билдирди.
Кечээ Чолпон-Атада каттаган 40 автобуска дагы 10 автобус кошулган. Адамдардын автобекетте көп топтолушуна аба ырайынын кескин начарлап, каттамдардын графиги бузулганы себеп болгон. Учурда абал турукташып, көзөмөлдө. Бүгүн оюндарга келүүчүлөрдүн саны көп болгондуктан, каттамдарга кошумча 50 автобус чыгат.



