VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында учурда ыктыярчыларды тандоо жүрүүдө

Быйыл Кыргызстанда өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында учурда ыктыярчыларды тандоо иштери жүрүүдө. Novosti.kgге аталган оюндардын эл аралык катчылыгынын жетекчиси Нурсултан Аденов билдиргендей, бул багытта тогуз миң билдирүү келип түштү.

 

“Бизде сүйүнө турган учур экен. Кыргызстанда абдан көп тил билген жаштар көбөйүптүр. Англис, испан, кытай тилин билгендеп көп экен. 2018-жылы ыктыярчылардын арасынан мындайды табуу кыйын болгон. Сегиз жылдын ичинде өзгөрүү абдан жакшы. Жаштардын арасында билим көтөрүлгөнүн ушундан билип койсо болот экен.”

 

Талапка ылайык, 700 ыктыярчы тандалып алынат. Алар уюштуруу иштерине жардам берүүдөн тарта чет элдик конокторду коштоп жүрүүгө чейинки жумуштарды аткарышат.