VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын иш-чараларына 37 миңден ашык билет сатылып, 31 миллион 700 миң сом түштү

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын иш-чараларына 37 миңден ашык билет сатылып, 31 миллион 700 миң сом түштү. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

 

Кырчындагы маданий жана спорттук иш-чаралар, ошондой эле Курманжан датка атындагы Көчмөндөр цивилизациясы борборуна кирүү акысыз болду. Айрым иш-чараларга билеттин баасы 500 сомду түздү. Жабылуу аземине билеттер 500 сомдон 4 миң сомго чейин, ал эми көк бөрү жана жер улак боюнча финалдарга билет 1000 сомдон сатылды.