Ысык-Ата районунун Новопавловка айылында ири тоок ферма ишке берилди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Долбоор мамлекеттик-жеке өнөктөштүк менен ишке ашып, ага 500 млн сомго жакын инвестиция салынган.
Ферма суткасына 180 миң жумуртка өндүрүп, өлкөнүн ички керектөөсүнүн 16,5 пайызын камсыздайт. Ошондой эле ишканада туруктуу жумуш орундары түзүлгөнү белгиленди.



