“Ысык-Көл” эл аралык аэропорту жайкы сезондо учуу географиясын кеңейтүүдө

“Ысык-Көл” эл аралык аэропорту жайкы сезондо учуу географиясын кеңейтүүдө. Көл жээгине туруктуу каттамдар Россия, Казакстан, Өзбекстандын шаарларынан аткарылат.

 

Алсак, Ташкенттен учактар жумасына 5 жолу, Алматадан 3, Астанадан 2 жолу каттайт. Ал эми Россиянын Новосибирск шаарынан Тамчыга учак менен  аптасына 3 жолу келсе болот. Ошондой эле ички аба каттамдардын саны көбөйтүлөт. Жайкы рейстер 24-октябрга чейин аткарылат.