Ысык-Көл менен Соң-Көлдө балык уулоого төрт жылдык мораторий киргизилди.
Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин маалыматына ылайык, жарлык эртеңден тартып күчүнө кирет. Документке ылайык, көлдөрдөгү балыктын бардык түрүн өндүрүштүк максатта кармоого, ташууга, сатууга, сактоого, сатып алууга жана өлкөдөн сыртка чыгарууга тыюу салынат.
Министрликтен белгилешкендей, бул чечим балык ресурстарын жана көлдөрдүн экосистемасын сактоого багытталган.



