Быйыл Ысык-Көл облусунда үч эс алуу жайы калыбына келтирилет. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кеп “Көгүлтүр Ысык-Көл” эс алуу борбору, “Жети-Өгүз” курорту жана “Улан” балдар лагери жөнүндө болуп жатат. Буга чейин үч объект тең Профсоюздар федерациясына тиешелүү болсо, учурда президенттин иш башкармалыгынын карамагында.
Аларды жыл аягына чейин оңдоп, пайдаланууга берүү пландалууда.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.



