Ысык-Көл облусунда күн электр станциясынын курулушу кызуу жүрүүдө

Ысык-Көл облусунда күн электр станциясынын курулушу кызуу жүрүүдө. Энергетика министрлигинен билдиришкендей, объект Кызыл-Өрүк айылында пайда болот. Аянтка кубаттуулугу 104,5 МВт болгон күн панелдери жеткирилди.

 

Учурда куруучулар шаарчасын салуу, подстанция алдына пайдубал куюу жана панелдер үчүн кройнштейндерди орнотуу иштери жүрүүдө. Долбоордун биринчи фазасын  2026-жылы аягына чыгаруу пландалып жатат.