Ысык-Көл облусунда кирпич заводу курулууда. Объект Жети-Өгүз районунун Тилекмат айылында жайгашат. Күтүлгөндөй, завод 3-4 айда ишке кирип калат. Анда суткасына 200 миңге чейин кирпич чыгарылат деп пландалууда. Өндүрүш процесси толугу менен автоматташкан.
Долбоорду ишке ашыруу менен аймакта курулуш материалын камсыздоону жакшыртуу, жаңы жумуш орундарын түзүү жана салыктарды көбөйтүү мүмкүн болот.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.



