Ысык-Көл облусунда кубаттуулугу 1 миң 900 мегаватты түзгөн күн электростанциясы курулат

Ысык-Көл облусунда кубаттуулугу 1 миң 900 мегаватты түзгөн күн электростанциясы курулат. Министрлер кабинети долбоорду ишке ашыруу боюнча инвестициялык макулдашууну жактырды.

 

Станция Тору-Айгыр — Тамчы айыл аймагында жайгашат. Энергетика министри Таалайбек Ибраев билдиргендей, өлкөдө электр энергиясы жетишсиз болуп жаткан мезгилде кайра жаралуучу энергия булактарын өнүктүрүү негизги багыттардын бири болуп саналат.