Ысык-Көл облусундагы Кырчын жайлоосуна алып баруучу 35,5 чакырымдык унаа жолу толугу менен оңдолуп, асфальт төшөлдү.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалыматына ылайык, долбоордун алкагында жол катмары жаңыланып, жол жээктери бекемделди.
Ошондой эле жол белгилери, коопсуздук тосмолору орнотулуп, унаа токтотуучу жайлар курулуп жатат.



