Ысык-Көлдө 225 орунга ылайыкталган жаңы мектеп ушул айда каалгасын ачат

Ысык-Көл облусунун Түп районундагы 225 орунга ылайыкталган жаңы мектеп ушул айда каалгасын ачат.

 

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришкендей, объекттин курулушу 2024-жылдын ноябрь айында башталган.Бүгүнкү күндө курулуш иштери толугу менен аяктады.

 

Мектеп республикалык бюджеттен каржыланып, жалпы наркы 124 млн сомду түздү.