Ысык-Көлдү айланып өтүүчү шакекче темир жол курулат.
Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаев билдирди. Анын айтымында, учурда курулуш долбоорунун техникалык-экономикалык негиздемеси иштелип чыгууда. Темир жолдун курулушун этап-этабы менен жүргүзүлөт. Биринчи этапта Балыкчы – Чолпон-Ата тилкеси салынат, андан соң Чолпон-Ата – Каракол багытындагы жолду куруу пландалууда, — деди министр.



