Ысык-Көл районундагы мамлекетке таандык 654 гектар жер Асман шаарын долбоорлоо жана курууга бөлүндү. Министрлер кабинетинен маалым болгондой, калктуу конуштар категориясына которулган жер тилкеси Тору-Айгыр-Тамчы айыл өкмөттөрүнүн аймагында жайгашкан.
Анын басымдуу бөлүгү айыл чарба багытында болсо, калганы мамлекеттик токой чарба фондуна таандык.
Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясына жер документтерин өзгөртүү жана бул аймактарда шаар куруу документтерин иштеп чыгуу тапшырылды.



