Ысык-Көлдө Чолпон-Ата шаарын айланып өтүүчү жолдун курулушу башталды.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, 4 тилкелүү жолдун узундугу 15,5 чакырымды түзүп, паралелдүү долбоорлоо менен курулат.
Жол курулуш иштери мамлекеттик капиталдык салымдар беренесинин эсебинен каржыланууда. Айланма жол Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары жана ШКУ саммитине карата пайдаланууга берилет деп күтүлүүдө.


