Ысык-Көлдө Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтө турган жайларга баруучу жолдор оңдолууда

Ысык-Көлдө Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтө турган жайларга баруучу жолдор оңдолууда. Бул тууралуу Транспорт министрлиги билдирди. Чолпон-Атада Акматов көчөсүнүн оңдолушу аяктады.

 

Учурда Кара-Ой, Сары-Ой, Корумду айылдарында, ошондой эле Садыр-Аке жана Шайбек-Ата айыл аймактарында жол оңдоо иштери жүрүп жатат. Министрликтин маалыматына ылайык, негизги жолдор Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары башталганга чейин курулуп бүтөт.