Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны өтүп жатат.
Ага катышуу үчүн Кыргызстанга Армениянын премьер-министри Никол Пашинян, Беларустун өкмөт башчысы Александр Турчин, Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов, Россиянын өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин жана Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын жетекчиси Бакытжан Сагинтаев келди.
Жыйында күн тартибине 15тен ашык маанилүү маселе киргизилген.



