Ысык-Көлдө күн электр станциясын куруу боюнча кошумча макулдашууга кол коюлду

Ысык-Көлдө күн электр станциясын куруу боюнча кошумча макулдашууга кол коюлду.

 

Бул туралуу Энергетика министрлигинен билдиришти. Документ — баштапкы инвестициялык макулдашуунун айрым жоболорун, анын ичинде тараптардын жоопкерчилигинин шарттарын, туруктуулуктун кепилдиктерин, мүмкүн болуучу тобокелдиктерди жөнгө салуу тартибин тактоого багытталган.

 

Белгилеп кетсек, учурда жумушчулар үчүн убактылуу турак-жай куруу иштери аяктоодо, подстанциянын пайдубалы жана 110 кВ электр берүү линиясы куюлууда, ошондой эле күн панелдери үчүн кронштейндер орнотулду.