Ысык-Көлдө Күн нурунан иштей турган ири электр станция ишке кирди

Ысык-Көлдө Күн нурунан иштей турган ири электр станциясынын биринчи фазасы ишке кирди. Президенттик администрациядан билдиришкендей, Кызыл-Өрүк айылындагы объекттин азыркы кубаттуулугу 175 мегаваттты түзөт.

 

Долбоор Кыргызстан менен Вьетнамдын ортосунда ишке ашууда.

 

Биринчи этап толук кубаттуулукта иштеген шартта жыл сайын болжол менен 295 миллион кВт саат электр кубатын өндүрөрү күтүлүүдө. Өндүрүлгөн электр энергиясы негизинен Чолпон-Ата жана Балыкчы шаарларын камсыз кылууга багытталып жатат. Д

 

олбоордун курулушуна 250дөн ашуун кыргыз жараны тартылды. Станция пайдаланууга толук берилгенден кийин болжол менен 150 туруктуу жумуш орду түзүлүп, алар негизинен жергиликтүү адистер болот.