Ысык-Көлдө кайырмак менен балык уулагандар төлөй турчу төлөмдү түшүрүү сунушталды.
Балык өнөр жайы комплекси департаменти токтом долбоору президент Садыр Жапаров Ысык-Көлдө балык уулагандар менен жолугушкандан кийин иштелип чыкканын билдирди.
Ага ылайык, спорттук жана ышкыбоздук балык уулоо менен алектенгендерге көлдө чабак жана сазан балыктарын кармоо үчүн төлөмдү 1 суткага 313 сом, 2 сутка, 463 сом, 3 сутка 613 сом кылуу сунушталды. Жилингир балыгын кармагандар 1 суткага 363 сом, 2 суткага 563 сом жана 3 суткага 763 сом төлөйт.



