Ысык-Көлдө кубаттуулугу 100 мегаватт болгон “Бишкек Солар” күн электр станциясынын биринчи этабы ишке киргизилди.
Долбоорду кыргызстандык жана россиялык компаниялар ишке ашырууда.
Инвестициянын көлөмү 300 миллион доллардан ашат. Курулуш 2023-жылы башталган. Станциянын жалпы кубаттуулугун 300 мегаваттка жеткирүү пландалууда, ал эми жалпы кубаттуулугу 200 мегаватт болгон кийинки этаптары 2027-жылы пайдаланууга берилет.



