Ысык-Көлдүн туристтик милициясына биринчи жолу көлдүн акваториясын текшерүү үчүн суу алдында иштей турган дрон тапшырылды. Аймактын ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, жабдуу 200 метр тереңдикке жетет.
Аппарат көлдүн түбүн көзөмөлдөөгө, мыйзамсыз торлорду аныктоого жана аларды жок кылуу боюнча иш-чараларды жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк түзөт.



