Ысык-Көлдүн жээгине кафе, көл бетине калкыма үй курууга уруксат берүү сунушталды

Ысык-Көлдүн жээгине кафе, көл бетине калкыма үй курууга уруксат берүү сунушталды.

 

Тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга илинди. Азыркы мыйзамда жээктен 100 метрге чейин капиталдык курулушка тыюу салынган.

 

Долбоордо өзгөчө учурларда өкмөттүн чечими менен объект курууга, ошондой эле пирс, эллинг, тамактануучу жай жайгаштырууга уруксат берүү сунушталууда. Андан тышкары, минкабдын чечими жана Улуттук илимдер академиясынын макулдугу менен көлгө мүнөздүү эмес балыктарды өстүрүүгө жол ачылат.