Ысык-Көлдө туристтик сезондун алдында суунун сапаты текшерилди.
Экологиялык мониторинг департаменти билдиргендей, негизги химиялык көрсөткүчтөр боюнча суу санитардык талаптарга жооп берет.
Июнь айынын башында жүргүзүлгөн биринчи текшерүүдө адистер пляждарды жана дарыялардын куймаларын изилдешкен. Мындай текшерүүлөр сезон ичинде дагы эки жолу — июлдун аягында жана сезон аяктагандан кийин жүргүзүлөт. Быйыл Кыргызстанга 12 миллионго жакын турист келери күтүлүүдө.



